Нарын коругунда 6 миң түп көчөт тигилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун ишин текшерди. Ал жерде апрель айында мырза карагай, карагай, арча, кайың жана терек сыяктуу 6 миңге жакын көчөт тигилген. Сапардын алкагында мекеме башчысы толугу менен жаңыланган жана жаңы техника менен жабдылган көчөткананын инфратүзүмүн реконструкциялоонун жыйынтыктары менен таанышты.
Токойду калыбына келтирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн министр адистерге тамыр тутуму жабык болгон көчөттөрдү өстүрүү технологиясын киргизүүнү сунуштады. Бул ыкма жаш дарактардын тамыр жайып кетүүсүн кыйла жогорулатууга жана жерге тигүү учурундагы коромжуларды азайтууга мүмкүндүк берет, бул тоо экотутумдарын калыбына келтирүү үчүн өтө маанилүү.
Токой чарба иштеринен тышкары, министр маралдарды өстүрүү боюнча адистештирилген питомникке барды. Илимий программанын алкагында коруктун кызматкерлери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окумуштуулары менен биргеликте маралдардын популяциясын изилдөө жана сактоо боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырышууда. Акыл Токтобаев талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жогору баа берип, жаратылышты коргоо боюнча бардык демилгелерди илимий жактан коштоону улантууга чакырды.