Канат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
Кыргызстандык окуучу кыз программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло утту
29.07.2024 | 17:50
Кыргызстандык окуучу кыз программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло байге утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
21-27-июлда өткөн кыздардын информатика боюнча Европа олимпиадасына 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу катышкан.
Бул жарышта коло байгени Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева уткан. Ошондой эле Е.Б.Якир атындагы №61 мектептин 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом