Жапырт камоо: Мамбетжунус Абылов 20-декабрга чейин камалды

Жапырт камоо: Мамбетжунус Абылов 20-декабрга чейин камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын карады.

Жыйындын жүрүшүндө жактоочу камактагы жаранды үй камагына чыгарууну суранды. Бирок судья Тилек Турдукулов  20-декбарга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарды.

Мамбетжунус Абылов өзү да тергөөдө анын бийликти басып алууну каалагандыгы боюнча эч кандай далил жок экенин билдирди.

26-октябрда Мамбетжунус Абыловдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда жыйырмадан ашык активист жана саясатчы «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынган. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>