Камакка алуулар: Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынды

Камакка алуулар: Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынды

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунан Азиза Абдирасулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, үйүн тинтүүгө алып, «Ууланган Кумтөр»,  «ЖК Кумтөр» деген жазуусу бар DVD дисктерди алып кеткен.

24.kg басылмасына берген маалыматына караганда, Мамбетжунус Абылов үйүндө жок болгондуктан аны кармаган эмес. Бирок, үйүн тинтүүгө алганын аялы Абдирасуловага айтып берген.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-октябрда Мамбетжунус Абылов маалымат жыйынын өткөрүп, анда оппозициячыл саясатчылар менен активисттердин жолугушуусунун чоо-жайын айтып берген.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>