Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Россия: Кыргызстандык тазалыкчы 2,5 жылга соттолду
28.10.2022 | 21:45
Новосибирск шаарында 44 жаштагы кыргызстандык тазалыкчы жети миллион рубль салынган баштыкты уурдаганы үчүн 2,5 жылга соттолду. Бул тууралуу Орусиянын Октябрь райондук сотунун сайты билдирет.
Андагы маалыматка караганда, Айнагүл Борбуева 2021-жылдын 4-ноябрында таңга маал Добролюбова көчөсүндөгү №1 үйдүн жанынан тротуардан ичинде акча салынган баштыкты байкап калып, аны алып кетип, окуя болгон жерден качып кеткен.
Аял бул иште акча жок экенин айтууда. Бирок сот ага карабай аны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга түзөтүү колониясына кескен.
Иштин далили катары ишкердин өзүнүн сөздөрү жана аялдын сумканы кантип алып жатканын видеокөзөмөл камераларынын жазуулары көрсөткөн. Тергөө учурунда аял ТИЗОдо болгон.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом