Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Ипотекага үйдү алгачкы төлөмсүз берүү сунушталууда
28.10.2022 | 23:31
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каржыланышына кызыкты.
«МИКтин каржылык ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынып, ипотеканы баштапкы төлөмсүз берүү маселеси каралышы керек», – деди Нарматова.
Депутат Айбек Маткеримов бүгүнкү күндө КР МИК ортомчулук кызматты гана аткарып жатканын баса белгиледи.
Ал пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүп, ипотекалык насыяларды баштапкы төлөмсүз берүүнү сунуштады.
Каржы министри Алмаз Бакетаев 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 1191 жаран 3 миллиард 136,4 миллион сом ипотекалык насыя алганын белгилеп, депутаттардын сунуштары карала турганын кошумчалады.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика