Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысы

Жакынкы Чыгыштагы жана Ирандын айланасындагы кырдаал Борбор Азия менен Ооганстандын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Москвада өткөн ЖККУ, КМШ жана ШКУнун биргелешкен конференциясынын алкагында билдирди.
Анын айтымында, конференциянын катышуучулары коопсуздукка карата жаралган коркунучтардын алдын алуу боюнча мүмкүн болгон биргелешкен кадамдарды талкуулоону көздөп жатышат.
«Дүйнө абдан өзгөрдү. Бул туруксуздук жалгыз гана Ирандын айланасында жана Жакынкы Чыгышта эмес, каалаган жерде — Европада да, башка континенттерде да орун алышы мүмкүн экенин түшүнүп турасыздар», — деп белгиледи ЖККУнун башкы катчысы.
Ал конференциянын негизги максаты — болгон тобокелдиктерди жана аларга карата чара көрүү жолдорун эксперттик деңгээлде кеңири карап чыгуу экенин баса белгиледи.
Дүйнө абдан өзгөрдү. Бул туруксуздук бир гана Ирандын айланасында жана Жакынкы Чыгышта эмес, каалаган жерде — Европада да, башка континенттерде да орун алышы мүмкүн экенин өзүңүздөр деле түшүнүп турасыздар.

ЖККУнун башкы катчысы