Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады
Жаратылыш министрлигинин экорейддери: текшерүүдөн кийин мончо жабылып, таштанды жаккандыгы үчүн айып пул салынды
06.08.2026 | 10:12

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн бирине Калыс-Ордо конушунун аймагында жайгашкан мончонун ишмердүүлүгүнө карата жергиликтүү тургундардын жазган арызы себеп болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында объект тийиштүү уруксат документтери жок иштеп келгени аныкталган. Буга байланыштуу мончонун ээси мыйзамда каралган бардык уруксат кагаздарын алганга чейин анын ишин өз ыктыяры менен убактылуу токтотту.
Мындан тышкары, инспекторлор Аламүдүн районунун Ленин айылында таштандыларды мыйзамсыз жагуу фактысын аныкташкан.
Бул факт боюнча тартип бузуучуга КР мыйзамдарына ылайык административдик айып пул салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом