Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Базар-Коргондо баасы 187 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
06.08.2026 | 09:59

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда базар баасы 187 млн 876 миң сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек-Ош унаа жолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн тилкесиндеги 4 гектар жер 2013-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгени аныкталган.
Маалыматка ылайык, калктуу конуштарга таандык бул жер тилкесин Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары өткөрүп беришкени белгилүү болгон. Прокурордук чаралардын натыйжасында жер мамлекетке кайтарылган.