Чүй облусунда Кыргызстандын визасын жасап, чет өлкөлүктөрдү өлкөгө мыйзамсыз киргизип жүрүшкөн деген шек менен чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 24-январда милицияга чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү үчүн жасалма визалык документтерди жасап жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш-иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 29 жаштагы М.Х., 21 жаштагы З.У. жана 34 жаштагы М.Т. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалган.
Тергөөдө белгилүү болгондой, кармалгандар 2023-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жалган электрондук порталдары аркылуу Кыргызстандын расмий визаларына окшош визалык документтерди акчага жасап, өздөрүнүн мекендештерин жана башка чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштуруп жүрүшкөн.
Муну менен катар өлкөгө мыйзамсыз кирген мигранттар уруксат кагаздары жок иштеп жүрүшкөн. Ошондой эле алар аталган жарандарга көз каранды болуп, алар тарабынан эмгек эксплуатациясына кабылып, кошумча киреше таап берип турушкан.
Кармалган чет өлкөлүк жарандар соттун чечими менен камакка алынышкан. Учурда алардын 70тен ашык мыйзамсыз миграция уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган. Тергөө уланып жатат.