Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү

21.08.2026 | 13:42
Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы үстөк акыларды кошо эсептегенде болжол менен 40 миң сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Мекеменин маалыматында, буга чейин соцкызматкерлердин айлыгы орто эсеп менен 12 миң сомдун тегерегинде болгон. Айлык акыны жогорулатуу президенттин 26-марттагы жарлыгынын негизинде ишке ашкан.

Ошондой эле учурда республика боюнча 545 социалдык кызматкер эмгектенип жатканы айтылды.

Эске салсак, буга чейин министрлик быйыл Кыргызстанда 260 үй-бүлө жана 1 миң 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылганын билдирген. Ошондой эле азыркы тапта дагы 1 миң 937 үй-бүлө, анын ичинде 3 миң 606 бала оор турмуштук шартта жашап жатканы аныкталганы, аларга ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылган.

Scroll to Top