Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Орунбеков: 2021-жылдан бери бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү
21.08.2026 | 10:52

2021-жылдан 2026-жылдын июль айына чейин мамлекеттик бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 619,1 млрд сомго жетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, бул сумма 1991-жылдан 2020-жылга чейин, 30 жыл ичинде, чогултулган жалпы бажы төлөмдөрүнүн көрсөткүчүнөн жогору. Бул жылдары бюджетке бажыдан 452,7 млрд сом түшкөн.
Ошондой эле Орунбеков Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге киргенден кийин Бажы кызматы 18 млрд сом өлчөмүндөгү төлөмдөрдү администрациялоону токтотконун билдирди. Бул Орусия, Казакстан, Армения жана Беларусиядан импорттолгон товарларды көзөмөлдөө жана төлөмдөрдү кабыл алуу функциясы Салык кызматына өткөндүгү менен байланыштуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Бажы кызматы, бажы төлөмү