Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Жаштар арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча эссе сынагы жарыяланды
15.09.2026 | 12:22

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жаштар арасында республикалык эссе сынагын жарыялады.
Сынакка 15 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катыша алышат. Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы төмөнкү темалар боюнча эссе жазышы керек:
- «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы гуманизм философиясы»
- «Мен Айтматовду окуганда…»
- «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы илим жана техника»
- «Жазуучунун чыгармачылыгындагы экологиялык көйгөйлөрдүн актуалдуулугу»
- «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы балдардын образы».
Сынактын шарты боючна, дилбаяндын көлөмү 4 беттен ашпоого тийиш. Эссени мамлекеттик же расмий тилде жазууга болот. Иштер толтурулган арыз формасы менен бирге 2026-жылдын 9-сентябрынан 23-октябрына чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылат.
Сынак боюнча толук маалымат fund.patent.kg сайтына жайгаштырылган.
Теги: сынак, Чыңгыз Айтматов