Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну улантууга даяр

Бүгүн, 15-сентябрда, Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын абалы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана социалдык-экономикалык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Минкабдын маалыматында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инфратүзүмдүк жана энергетикалык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулган. Тараптар «Камбар-Ата-1 ГЭСи» долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууну карашкан.
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалаарын белгилеп, Министрлер кабинети мындан аркы конструктивдүү диалогго ачык экенин билдирген.
Өз кезегинде Наджи Бенхассин Дүйнөлүк банк өлкөнүн экономикалык багыттары боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экенин айткан.