Жаштардын диний радикалдашуусун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Жаштардын диний радикалдашуусун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Жаштардын диний радикалдашуусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

маалым болгондой, аталган маселе боюнча Чүй жана Бишкетеги жогорку окуу жайларда, диний окуу борборлорунда жана медреселерде окуган студенттер, тарбиялануучулар менен жолугушуулар уюштурулган.

«Бул иш-чаралардын максаты Кыргызстандын келечеги болгон жаштардын радикалдашып кетүүсүн алдын алуу, алардын арасында экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө жол бербөө, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге  байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык мамилени чыңдоо», -деп билдирет ИИМ.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Интернет аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырган үгүт-чакырыктар көп кездешип жатканын белгилешип, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип өтүшкөн.

«Андан сырткары, студенттер, тарбиялануучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргызстандын бардык облустарында өткөрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>