Кыргызстанда орус тили басмырланып жатат, — депутат

Кыргызстанда орус тили басмырланып жатат, — депутат

Кыргызстанда расмий тилди басмырлаган фактылар көбөйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарында расмий тилди басмырлаган учурлар көп болууда.

“Легендарлуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович Кыргызстанды расмий тилде тааныткан. Кылым карыткан тилди бир жылда жок кылып коюш туура эмес көрүнүш”, — деди депутат.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев каралып жаткан мыйзам долбоорунда расмий тилди кордогон же басмырлаган бир дагы берене жок.

“Бул жерде мамлекеттик тилдин укугу тууралуу сөз болуп жатат. Мыйзам долбоорунда “зарыл болгон” деген шилтеме менен расмий тилдин орду көрсөтүлүп жатат. Расмий тил тууралуу 2000-жылы кабыл алынган мыйзам бар, ал иштеп жатат”, — деди Каныбек Осмоналиев.

Жыйында “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда расмий тил болуп орус тили, ал эми мамлекеттик тил болуп кыргыз тили эсептелинет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>