Желим баштык саткандар жоопко тартылат. Мыйзам долбоор талкууда

Желим баштык саткандар жоопко тартылат. Мыйзам долбоор талкууда

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Кыргызстандын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдардын долбоорлору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоорлору полимер материалдарынан бир жолку оромдоочу пакеттерди  ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга түз тыюу киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө жолу менен Кыргызстанда полимер материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин  кыскартуу максатында иштелип чыккан.

“Муну менен катар полимер материалдарынан оромдоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана соода жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз берүүгө мыйзам тарабынан белгиленген тыюуну бузгандыгына жоопкерчилик чараларын белгилөө сунушталууда”, – деди депутат.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мындан башка да тиешелүү мыйзамдар бар экенин айтып, полимер материалдарынан жасалган пакеттерге тыюу салуу үчүн колдонуудагы эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Динара Ашимова адам буту баскан аймактардын баарын пакет каптап калганын айтып, мыйзам долбоорлорун колдой тургандыгын билдирди.

Ошондой эле депутат Кундузбек Сулайманов эмне үчүн мыйзам долбоору 2024-жылдан тарта күчүнө кирерине кызыкты. Өз кезегинде Марлен Маматалиев бул жаатта иш алып барган ишкерлер бар экенин айтып, алардын ишин токтотуу үчүн убакыт зарылдыгын жүйө келтирди.

Андан тышкары депутат мыйзам долбоору жөнөкөй сатуучуларга таасир бербеши керектигин айтып, полимер пакеттерин дүң сатып, импорт менен алектенгендерге чектөө киргизүүнү сунуштады.

Муну менен катар депутат Жанарбек Акаев тыюу салуу менен катар альтернативдүү башка материалды киргизүүнү жана ишкерлерге жеңилдиктерди берүүнү кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>