Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Жер сатууга шектелген Бишкек мэриясынын кызматкери 2 айга камалды
03.10.2019 | 16:11
Калыс-Ордо конушунан жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген деп кармалган Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы эки айга камалды. Биринчи май райондук соту кабыл алганчечимге ылайык, ал 30-ноябрга чейин №1 тергөө абагында болот.
Бөлүм башчы менен бирге кармалган С.А. аттуу аял кишиге да ушундай эле соттун чечими чыккан.
Белгилей кетсек, кылмышка шектүүлөр УКМКнын Коррупцияга күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Алар “А” фирмасына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн 2 млн сом алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар