Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду
Жети-Өгүздө окуучулар – дүкөндө, Тоңдо – 1932-жылы курулган мектепте окушат
07.12.2023 | 12:24
Жаңыдан курула турган мектептердин катарына Жети-Өгүз жана Тоң районунан бир дагы окуу жай кирген жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.
Анын айтымында, эки райондо ававриялык абалда турган мектептер арбын.
“Жети-Өгүздө бир мектеп дүкөндө жайгашкан. Ал эми Тоңдо балдар 1932-жылы курулган имаратта окушат. Эмнеге “Кумтөр” жайгашкан райондо бир дагы жаңы мектеп курулбайт? Өлкө боюнча 40 окуу жай кириптир”, – деди эл өкүлү.
Депутат Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровго кайрылып, тизмени кайра карап чыгууну сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом