БШК он райондогу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

23.06.2026 | 17:12
ЦИК досрочно прекратила полномочия депутатов местных кенешей в десяти районах — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-июндагы жыйынында он аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Бардык ыйгарым укуктар депутаттардын жеке арыздарынын негизинде токтотулду. Бошогон мандаттар добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди.

Араван районунда Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Абдулхаким Худайназаровдун ыйгарым укуктары токтотулду. Кара-Кулжа районунда Ылай-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Айбек Эшейбай уулунун мандаты Жаныбай Жалил уулуна берилди. Ала-Бука районунда Абдикарим Нурматовдун мандаты Жаныбек Имановго өттү. Чаткал районунда Равшанбек Мамурбековдун мандатын Нурланбек Шекебаев алды.

Кант шаарында шаардык кеңештин «Эл Үмүтү» фракциясынан бир эле учурда эки депутат — Каныбек Курманалиев жана Чынтемир Аскеров ыйгарым укуктарын тапшырышты. Алардын мандаттары ушул эле партиядан Азим Жумабековго жана Улан Эмилбековго берилди. Баткенде шаардык кеңештин «Эмгек» фракциясынан депутаты Кубатали Турмаматовдун мандатын Нурсейит Исаков алды.

Кадамжай районунда Күмүшай Эшбаеванын мандаты Акбермет Абдурасул кызына берилди. Каракол шаарында шаардык кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясынан депутаты Уланбек Турсунбаевдин мандаты Бекзат Келгенбаевге өттү.

Жети-Өгүз районунда эки депутаттын мандаты жаңы өкүлдөргө берилди: Таалайбек Баякуновдун мандаты — Руслан Иязалиевге, Руслан Абдыбек уулунун мандаты — Акылбек Сулаймбековго. Бакай-Ата районунда Нурсейит Абдыбековдун мандатын Замирбек Анаркулов алды.

Теги: ЦИК
Scroll to Top