Эксклюзив

Таластык баатыр: «201.7» бийиктигин алган Василий Петрищевдин баяны

22.06.2026 | 17:59
Герой из Таласа: История Василия Петрищева, бравшего высоту «201.7» — Новости Кыргызстана

1945-жылдын 24-июнундагы тарыхый Жеңиш парады бүткүл дүйнө үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгон. Анын эң жаркын символдорунун бири немис-фашисттик штандарттардын (туулардын) Мавзолейдин түбүнө ыргытылышы саналат. Бул легендарлуу жүрүштүн катышуучулары өзгөчө кылдаттык менен тандалган — алар физикалык жактан күчтүү, салгылашууларда эрдик көрсөткөн Советтер Союзунун Баатырлары жана орден ээлери болушкан. Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн атынан чыккандардын бири Таластын кулуну Василий Петрищев эле.

Василий Петрович Петрищев 1923-жылы Олуя-Ата уездинин Дмитриево айылында (азыркы Талас шаары) туулган. Анын ата-энеси XIX кылымдын аягында Орусиянын түштүгүнөн Түркстан крайына келген алгачкы көчмөндөрдүн катарында болгон.

Жети жылдык мектепти аяктагандан кийин Василий 1941-жылдын июнь айында Жумушчу-дыйкан Кызыл армиясынын (РККА) катарына чакырылып, Фрунзедеги жөө аскерлер окуу жайына окууга жөнөтүлөт.

Бир жылдан кийин эле, 1942-жылдын июнунда жаш лейтенант Петрищев 960-аткычтар полкунун (299-аткычтар дивизиясы) взвод командири болуп дайындалып, марштан түз эле Сталинград фронтундагы салгылашууга кирет.

Сталинграддын алдындагы кандуу салгылашуулардын жүрүшүндө Василий жарадар болот. Госпиталда дарыланып чыккандан кийин өз бөлүгүнө кайтып келип, ага лейтенант наамында рота командири катары Курск дугасындагы кармашка катышат. Душмандын коргонуусун бузуп өтүп, анын дивизиясы батышты көздөй ыкчам чабуулга өтөт жана көп өтпөй Харьковдун чектерине жетет.

Кыргызстандык жоокердин ысымын Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына түбөлүккө жазган салгылашуу дал ушул Харьковдун алдында болгон.

Петрищевдин кол башчылыгындагы рота душманга бекемделүүгө мүмкүнчүлүк бербей, Полевая кыштагын ээлеп, аймакта үстөмдүк кылган стратегиялык маанилүү «201.7» бийиктигин дароо эле басып алууга аракет кылат. Бирок фашисттердин тынымсыз огу жоокерлерди бийиктиктин этегинде жатууга мажбур кылат. Ошондо дивизия командири, генерал-майор Николай Травников бириктирилген (курама) ротаны чабуулга таштоого буйрук берип, ага командачылык кылууну ага лейтенант Василий Петрищевге тапшырат.

Дээрлик отуз жыл өткөндөн кийин Советтер Союзунун Маршалы Георгий Жуков «Эскерүүлөр жана ой жүгүртүүлөр» аттуу китебинде бул теңдешсиз салгылашуу тууралуу минтип эскерген:

«17-августта Талаа фронтунун армиялары Харьковго такалып келишти... Эң катуу салгылашуу Полевой аймагындагы "201.7" бийиктиги үчүн жүрдү, аны ага лейтенант В. П. Петрищевдин кол башчылыгы астындагы 16 адамдан турган 299-дивизиянын курама ротасы ээлеп алды».

Жуков ал айыгышкан салгылашууда аман калган жоокерлерди өзгөчө белгилеген, аларга да Советтер Союзунун Баатыры наамдары ыйгарылган. Ал курама ротадагы калган 12 жоокер каза болгондон кийин ордендер менен сыйланышкан.

Василий Петрищевдин сыйлык баракчасындагы саптар ал күндөгү эң жогорку чыңалууну чагылдырып турат:

«1943-жылдын 15-августунда ага лейтенант Василий Петрищев 16 жоокерден турган топ менен Полевая кыштагынын жанындагы душмандын таяныч пунктун чабуул менен ээлеп алган. Жеке өзү граната менен эки танкты талкалаган. Айланма коргонууну уюштуруп, душмандын үч чабуулунун мизин кайтарган, ал эми ок-дарылар түгөнгөндө, полктун артиллериясынын огун өзүнө чакырган. Күжүрмөн тапшырмаларды үлгүлүү аткаргандыгы, бул учурда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алууга татыктуу».

Ага лейтенант Петрищевге Ленин орденин жана «Алтын Жылдыз» медалын тапшыруу менен Баатыр наамын ыйгаруу жөнүндө СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгына 1943-жылдын 1-ноябрында кол коюлган.

Согуштун кийинки айларында Василий Петрович Днепрден кечип өтүп, оң жээктеги Украинаны бошотууга катышкан. Анын күжүрмөн эмгеги «Күжүрмөн кызматы үчүн», «Сталинградды коргогондугу үчүн» жана «Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен белгиленген.

1944-жылдын июнь айында тажрыйбалуу командир М.В. Фрунзе атындагы Аскердик академияга окууга жөнөтүлгөн жана ал көптөн күткөн Жеңиш күнүн дал ошол жерден тоскон.

Ал эми 1945-жылдын 24-июнунда Талас өрөөнүнүн кулуну Кызыл аянттын брусчаткасында кадам шилтеп баратты. Курама полктордун салтанаттуу маршы эки саатка созулган. Андан соң нөшөрлөп жааган жамгыр астында оркестр күтүүсүздөн тынчып калган.

Жымжырттыкта, барабандардын катуу үнү астында 200 советтик жоокер 200 фашисттик штандартты Ленин мавзолейинин түбүнө ыргытышкан. Ошол жеңиштүү катарда тургандардын арасында Василий Петрищев да бар болчу.

Согуштан кийин ал академияны аяктап, Куралдуу Күчтөрдө кызматын улантып, өз тажрыйбасын офицерлердин жаңы муунуна өткөрүп берген. Полковник Василий Петрович Петрищев 2018-жылы дүйнөдөн кайтып, сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлган.

Анын урматына Талас, Бишкек шаарларында жана Полевая кыштагындагы мектептин имаратына мемориалдык такталар орнотулган. Ага Полевая жана Пересечное кыштактарынын Ардактуу атуулу наамдары ыйгарылган. Ал эми 16 советтик жоокер өлүмгө тике карап турган «201.7» бийиктигинде бүгүнкү күндө советтик жоокерлерге арналган эстелик-стела көтөрүлүп турат.

Филология илимдеринин доктору, профессор Анарбай Сыдыков атайын Reporter.kg үчүн

Теги: ВОВ
Scroll to Top