Садыр Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри эмнелерди сүйлөштү — кенен маалымат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Саясий жана экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын мындан ары илгерилетүү үчүн маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Арипов эки өлкө лидерлеринин ортосунда жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун аягында Кыргызстандын президенти менен Өзбекстандын премьер-министри эки өлкө элдеринин бакубаттуулугу жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары да достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда биргелешкен күч-аракеттер менен чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.