Купуя сыры ачылган «Альта»: Германиянын кол салары жөнүндө СССРге ким эскерткен

Узак жылдар бою «Альта» псевдоними менен белгилүү болгон немис журналисти жана советтик чалгынчы Ильзе Штёбенин таржымалы фактылар менен уламыштардын (легендалардын) аралашмасы болуп келген. Архивдик материалдардын купуя сыры ачылгандан кийин гана согуш алдындагы Европадагы советтик чалгындоо кызматынын ишин кайрадан баалоого жана Германиянын кол салууга даярдыгы жөнүндө чындыгында Москвага кандай маалыматтар түшүп турганын түшүнүүгө мүмкүн болду.
«Альта» немис тилинен которгондо «кемпир» дегенди билдирет. Ушул оперативдик псевдонимдин алдында Берлинде Ильзе Штёбе эмгектенген. Анын өмүрү тууралуу ондогон китептер жазылып, тасмалар тартылган, бирок алардын көпчүлүгү реалдуу документтерге эмес, уламыштарга көбүрөөк негизделип калганы белгилүү болду.
Маселен, легендарлуу чалгынчынын таржымалындагы башка көптөгөн деталдар сыяктуу эле, анын чалгын кызматына качан жана кайсы жерде тартылганынын (жалданганынын) так датасы узак убакытка чейин белгисиз бойдон кала берген.

2024-жылы гана Ильзе Штёбенин жана «Альта» тобуна кирген советтик аскердик чалгындоо кызматынын башка агенттеринин өздүк иштеринин материалдарындагы жашыруун макамы алынды. Бул документтер согуштун алдындагы жылдары БЧБ (ГРУ) багыты боюнча табылып, СССРдин аскердик-саясий жетекчилигине баяндалып турган маалыматтарга жаңыча көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, балким, тарыхчылардын арасында ушул күнгө чейин талаш-тартыштарды жаратып келе жаткан суроого жооп табууга жакындатат: Сталин Германиянын СССРге кол салууга кам көрүп жатканын билгенби? Алдыдагы согуштун мөөнөттөрү жана масштабы тууралуу кабардар беле?
Арнимдин жаралышы
1930-жылдардын башында жаш Совет өлкөсү ыктымалдуу душмандардын курчоосунда калган. Чыгышта Япония Кытайдагы жана Монголиядагы таасир талашуу күрөшүндө өз позицияларын бекемдөөгө умтулган. Батышта болсо Германия тездик менен күчтөнүп, АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын каржылык колдоосу жана саясий жактан көз жумуп коюусунун (кайдигерлигинин) аркасында аскердик кубатын активдүү арттырып жаткан.
Кызыл Армиянын Чалгындоо башкармалыгы Ыраакы Чыгыштагы, Европадагы жана түштүк багыттагы коркунучтардын жаңы булактарына кылдат көз салып турган. Бирок 1930-жылдардын орто ченинде Гитлер баштаган нацисттик режим бийликке келген Германия эң негизги кооптонууну жаратып жатты.

Батыш мамлекеттери бул процессти олуттуу коркунуч катары кабыл алышкан эмес, анткени алар Советтер Союзун өздөрүнүн негизги душманы деп эсептешкен. Узак мөөнөттүү келечекте Франциянын, Улуу Британиянын, Япониянын жана АКШнын өкмөттөрү немис нацизминин экспансиясын Чыгышка — СССРге каршы бурууну көздөшкөн.
Мындай шартта советтик жетекчилик аскердик чалгындоо кызматынын алдына ыктымалдуу душман — нацисттик Германиянын пландары жөнүндө максималдуу маалымат алуу милдетин койгон.
Ильзе Штёбенин жаштыгы татаал мезгилге туш келди: Биринчи дүйнөлүк согуштун ызы-чуусу жаңы эле басылып, Германия экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүп жаткан жана дал ушул кырдаалдын фонунда бийликке Гитлер келген эле.
Анын бийликке келишин көп жагынан артында америкалык, британиялык жана франциялык корпорациялар турган немис өнөр жайчылары жана банкирлери колдоого алышкан. Бул жерде чет элдик инвестициялар да — анын ичинде Германияда өкүлчүлүктөрү бар Форддун, ошондой эле General Electric жана башка америкалык компаниялардын салымдары олуттуу ролду ойногон. Бул ресурстар өлкөгө масштабдуу кайра куралданууну баштоого чоң өбөлгө түзгөн.
Куралдуу күчтөрдүн өнүгүшүнө чектөө киргизген Версаль тынчтык келишиминин шарттарына карабастан, Германия курал-жарак, техника жана ок-дарыларды өндүрүүнү көбөйтө берген. Бул Кызыл Армиянын Башкы штабынын чалгындоо башкармалыгынын жетекчилигинде олуттуу тынчсызданууну жараткан.
Ян Берзин агентуралык тармакты күчтөндүрүүнү жана ошол эле учурда техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү караган аскердик чалгындоону өнүктүрүү концепциясын иштеп чыккан. Иш тез жана комплекстүү жүргүзүлдү: убакыт аз болчу, ошондуктан өлкө ичинде да, анын сыртында да аракеттене ала турган натыйжалуу чалгындоо системасын түзүү талап кылынган.

Reporter.kg‘нин маалымдамасы: Ян Карлович Берзин (өз аты-жөнү — Петерис Янович Кюзис; партиялык псевдонимдери — «Павел Иванович» жана «Старик» (Карыя)) — советтик аскердик жана саясий ишмер, советтик аскердик чалгындоонун негиздөөчүлөрүнүн бири жана жетекчиси, 2-рангдагы армия комиссары (1937-жыл).
Дал ушул мезгилде советтик Чалгындоо башкармалыгынын көз кырына Ильзе Штёбе илинген.
Эмгекчилдигинин жана өжөрлүгүнүн аркасында ал 20 жашында эле стенографисттен тартып «Berliner Tageblatt» гезитинин башкы редактору, ошондой эле Немис демократиялык партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Теодор Вольфтун жеке катчысына чейинки жолду басып өткөн.
Чалгындоо башкармалыгы Ильзе Штёбе советтик аскердик чалгындоо кызматын кызыктырган маалыматтарга жете алат деп божомолдогон. Редакцияга ККҮ («кызматтык колдонуу үчүн» — ред. эск.) грифи коюлган материалдар келип турчу жана ал андагы маалыматтардын бир бөлүгүн өткөрүп берип турган.
Мындан тышкары, өзүнүн кызматынын жана гезиттеги ишинин аркасында Штёбе кеңири чөйрө менен байланышта болгон. Дал ушул жагдай, ошондой эле анын солчул көз караштары жана жабык материалдарга кирүү мүмкүнчүлүгү Берлиндеги советтик аскердик чалгындоо резидентинин көңүлүн бурган.

Ал «Арбин» псевдоними менен иш алып барган 27 жаштагы Рудольф Гернштадт эле. Колунда бар жөөт үй-бүлөсүнөн чыккан немис коммунисти Берлин жана Гейдельберг университеттеринде укук тармагында билим алган, бирок атасынын эркине каршы журналистиканы тандап, Германиянын ири гезиттеринин бирине ишке орношкон.
Маалыматты жакшы билген жана солчул көз карашты карманган Гернштадт да советтик чалгындоо кызматынын көз кырына илинген. Алгачкы жолугушуудан кийин эле ал аскердик чалгындоо кызматына иштеп берүүгө макул болгон.
БЧБ (ГРУ) архивинин купуя сыры ачылган документтери көрсөткөндөй, 14-агент — Гернштадт — Ильзе Штёбени 1931-жылдын апрелинде чалгын кызматына тарткан (жалдаган). Ал болгону 20 жашта болсо да, өзүнүн тартиптүүлүгү, баамчылдыгы жана өзгөчө тактыгы менен айырмаланып турган.
Ишенимдүү антифашист кызга «Арним» оперативдик псевдоними берилип, аны даярдоо ишин тажрыйбалуу советтик нелегал-чалгынчы Яков Бронин колго алган.
Ал кезде Борбордун башкы милдеттеринин бири — немистик аскердик өнөр жайдын өнүгүшү: танктарды, курал-жаракты жана ок-дарыларды өндүрүү тууралуу маалыматтарды алуу болгон.
Мындай ишти алып баруу үчүн Ильзенин өздүк булактары жетишсиз болуп чыккан, ошондуктан ага редакциядагы ишинен тышкары Улуттук-социалисттик немис жумушчу партиясында карьера баштоо сунушталган.
Чалгынчы үчүн маалыматты табуу гана эмес, аны тез жана коопсуз өткөрүп берүү да өтө маанилүү болгондуктан, Берлинде Ильзе менен атайын сабактар өткөрүлө баштаган. Адегенде анын ишин Бронин, андан кийин Германияга келген резидент Стига жетектеген. Дал ушул адамдар анын келечектеги чалгындоо ишмердүүлүгүнүн пайдубалын түптөшкөн.
1932-жылы Бронин «Арним» агентине мындай мүнөздөмө берген:
«Биз менен өз ишеними боюнча иштейт, берилгендигин далилдеди. Бардык маалыматтар көрсөтүп тургандай, биз тараптан тиешелүү таасир берилсе, убакыттын өтүшү менен андан мыкты чалгынчы чыгат».
Курт Шульце
1920-жылдары чалгындоо маалыматты берүүнүн байланышсыз (тикелей эмес) ыкмаларын жана жашыруун жайларды (тайниктерди) кеңири колдонгон, бирок 1930-жылдары техникалык каражаттар барган сайын чоң роль ойной баштаган.
Биринчи кезекте — кыска толкундуу радиостанциялар: өз алдынча чогултууга, радиобатирди жабдууга жана маалыматты түз берүүгө мүмкүн болгон компакттуу жана ишенимдүү аппараттар (түзүлүштөр).
Мындай иш үчүн шифрлөөнү мыкты билген радист талап кылынган жана советтик чалгындоо кызматы Курт Шульцени — мурдагы немис деңизчисин жана Германиянын Коммунисттик партиясынын мүчөсүн жалдаган.
Бирок аны Германияда шифрлөө ыкмаларына үйрөтүү мүмкүн эмес эле, ошондуктан европалык коммунисттик партиялардын съезди деген шылтоо менен Шульцени СССРге алып кетишкен. Даярдоо үч айдан беш айга чейинки убакытты алган, андан кийин радисттер чалгындоо топторунун курамында өз алдынча иштей алышкан.
Германияга кайтып келгенден кийин Шульце Борбор менен байланышуу үчүн үйүнө радиопередатчиги бар тайник жасап алган. Штёбе өзүнүн радистин жеке тааныган эмес — ал маалыматты советтик чалгындоонун берлиндеги аппараты аркылуу өткөрүп берчү, ал эми алар Шульце менен байланышка чыгышчу. 1933-жылдын башында андан кооптондурган билдирүүлөр келе баштаган:
«Гитлер жабык кеңешмелерде өзүнүн генералдарына вермахтты Европадагы чоң согушка даярдоо боюнча көрсөтмөлөрдү берди. Ошол эле учурда ал бир катар маанилүү аскердик-техникалык жана аскердик-стратегиялык чечимдерди кабыл алды, тактап айтканда, бронетанктык күчтөрдү, сокку уруучу авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле Германиянын куралдуу күчтөрүнүн санын жана алардын техникалык жактан жабдылышын кыйла арттыруу боюнча».
Бул убакта Германиядагы резидентуранын иши жакшы жөнгө салынган эле. Берлинден Москвага немистик аскердик өнөр жайдын өнүгүшү тууралуу маалыматтар келип турган.
Ошол эле учурда өлкөдө жөөттөрдү куугунтуктоо күчөгөн — атап айтканда, аларга басма сөздө иштөөгө тыюу салынган. Дал ушул себептен Гернштадт Польшага которулган.
Бул анын Ильзе Штёбе менен биргелешкен ишине чекит коёт сыяктуу сезилген, бирок дал ошондо Европадагы согуш алдындагы эң күчтүү нелегалдык (жашыруун) резидентуралардын бири түптөлө баштаган.
Герхард Кегель
Советтик аскердик чалгындоонун Варшавадагы резидентурасы көп жагынан уникалдуу болгон. Анын жетекчиси Гернштадт тажрыйбалуу чалгынчы деп эсептелген жана баалуу маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар адамдарды кызматташууга тартуу боюнча сейрек кездешүүчү жөндөмгө ээ эле.
Анын маалымат булактарынын арасында негизинен немис журналисттери, дипломаттар жана таасирдүү чөйрөлөрдүн өкүлдөрү болгон. Ал ортодо Ильзе Штёбе башкы редактор менен тааныштыгынын аркасында гезиттин польшалык бөлүмүнө которулууга жетишкен. Ал жерде аны Гернштадт күтүп жаткан болчу.

Экөөнүн ортосунда мамиле курулуп, жаштар баш кошууну каалашкан. Бирок, немис кызы үчүн арий эмес адам менен никеге туруу анын партиялык карьерасынын да, советтик чалгындоо кызматындагы ишинин да аякташын билдирген. Үйлөнүү тоюн кийинкиге калтырууну чечишкен, бирок биргелешкен ишмердүүлүк улана берген жана ага параллелдүү түрдө жаңы маалымат булактарын издөө жүрүп жаткан.
Ошентип, тармактын дагы бир катышуучусу — журналист Герхард Кегель («Курт») пайда болгон. Бир нече жылдан кийин ал Германиянын Польшадагы Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) кызматкери, андан соң Германиянын Москвадагы элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп калат.
Велькиш жубайлары
Гернштадт үчүн бир гана булак жетишсиз болгондуктан, резидентура Кегель аркылуу дагы бир журналистке — Курт Велькишке чыккан. Аны чалгын кызматына тартуу эч кандай өзгөчө кыйынчылыктарсыз эле өткөн.

Ишенимдүү немис коммунисти нацисттерге каршы кызматташууга даярдуулук менен макул болгон — анын жаңы режимди жек көрүүгө себептери жетиштүү эле. Гитлер бийликке келгенден кийин солчул партиялардын мүчөлөрүн жумуштан бошотушкан, камакка алышкан жана жасалма (токулган) иштер боюнча куугунтукташкан. Айрымдары дайынсыз жоголуп кетишкен.
Курт Велькиш жубайы менен бирге Польшага качып кеткен, алар качандыр бир күнү Германияга — бирок нацисттик эмес, башка Германияга кайтып барууну кыялданышкан.
Жубайлар нацизмге каршы тирешүүдө Советтер Союзунун туруштук берип калышына жардам беребиз деген үмүт менен маалыматтарды өздөрү өткөрүп берүүнү каалашкан.
«Арий» («Ариец»)
1937-жылдын башына карата «Альта» резидентурасынын курамына алты ишенимдүү агент кирген, бирок алардын биринде да купуя маалыматтарга түз жетүү мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошондо Башкы штаб тобокелдүү кадамга барууну — Германиянын Польшадагы элчилигинин кеңешчиси Рудольф фон Шелианы СССРге иштеп берүүгө тартууну сунуштаган.

Фон Шелиа аристократтардын үй-бүлөсүнөн чыккан: анын ата-бабалары ири жер ээлери жана офицерлер болушкан, ал эми тай жагынан (энеси тарабынан) Пруссиянын болочок экономика министри Иоганн фон Микелдин небереси болгон.
Ал Биринчи дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн, эки жолу «Темир крест» менен сыйланган жана ийгиликтүү дипломатиялык карьера жасап, Германиянын Польшадагы элчилигинин биринчи катчысы кызматына жеткен. Дал ошол жерде 1937-жылы журналист Рудольф Гернштадт аны советтик чалгындоо кызматы менен кызматташууга тарткан.

Аны даярдоо кыйла эле убакытты талап кылган. Гернштадт фон Шелианын СССРге жана коммунисттик идеяларга терс көз карашта экенин, бирок ошол эле учурда Гитлердин саясатын да колдобой турганын билип алган. Анын кумар оюндарына берилип кеткендигинин айынан пайда болгон ири карыздары да кошумча фактор болгон.
Идеологиялык карама-каршылыктарды жаратпоо үчүн Гернштадт өзүн британиялык MI6 чалгындоо кызматынын кызматкери катары тааныштырган. Ошентип фон Шелиага «Арий» оперативдик псевдоними берилип, ал «Альта» резидентурасынын бир бөлүгүнө айланган.
1937-жылы эле анын билдирүүлөрү төмөнкүдөй маалыматты тастыктаган: Германия согуштан кийинки келишимдердин чектөөлөрүнө карабастан, армиясын кайра куралдандырууну баштаган.
1938-жылы Гернштадттын резидентурасы Москвага Чехословакияга, ал эми 1939-жылы Польшага басып кирүүгө даярдык көрүлүп жатканы тууралуу эскерткен. Июлдун ортосунда Борборго: «агрессия августтун аягында — сентябрдын башында башталат» деген билдирүү түшкөн. Бул божомол толугу менен тастыкталган.
Легендарлуу Альта
1939-жылдын сентябрында, Германия Польшага кол салгандан кийин, Гернштадт СССРге көчүп кеткен, ал эми Ильзе Штёбе Берлинге кайтып келген.
Варшавадагы резидентуранын катышуучулары болгон дипломаттар — Рудольф фон Шелиа жана Герхард Кегелдин көмөгү менен ал Германиянын Тышкы иштер министрлигине жумушка орношкон. Велькиш жубайлары да Берлинге көчүп келишкен.
Ошентип, Варшавадагы резидентура иш жүзүндө Берлиндеги резидентурага айланып, аны Ильзе Штёбе жетектеп калган. Дал ошондо «Альта» анын оперативдик псевдоними болуп калган.
Польшаны басып алгандан кийин Гитлер дээрлик дароо эле Батыш фронтунда согуштук аракеттерди активдештирүүгө даярдык көрүүнү буйруган. Операцияны баштоонун биринчи датасы катары 1939-жылдын ноябрь айынын аягы аталган.
Аскердик чалгындоо бул пландар тууралуу үзгүлтүксүз баяндап турган, мында эң так маалыматтар Гернштадттын тармагы аркылуу түшүп турган. Бирок согуш башталган эмес — немис аскерлери күчтөрүн топтоону уланта берген, ал эми Гитлер операциянын мөөнөтүн 12 жолу артка жылдырган.
Мындай шартта СССРдин жетекчилиги чалгындоо кызматынын алдына Германиянын мындан аркы пландары жөнүндө болушунча так маалыматтарды алуу милдетин койгон.
1940-жылдын жазында Германия Дания менен Норвегияны, андан соң Францияны жана Бенилюкс өлкөлөрүн оккупациялаган, андан кийин Улуу Британияга каршы согуштук аракеттер башталган. Европадагы чыңалуу тездик менен өсүп жаткан.
Москвада Германия менен кагылышуу сөзсүз болорунан күмөн санашкан эмес, бирок бул учурду максималдуу түрдө артка жылдырууну (кечеңдетүүнү) көздөшкөн.
Өнөктөштөрү жеңилгенден кийин Европа континентинде дээрлик жалгыз калган Улуу Британия да СССР менен нацисттик Германиянын кагылышуусуна кызыкдар болгон.
«Барбаросса» планы
1940-жылы Борбор Берлиндеги чалгындоо аппаратын тажрыйбалуу офицер — Германиядагы совет элчилигинин аскердик атташеси, генерал-майор Василий Тупиков менен күчөтүүнү чечкен.
Тупиков «Барбаросса» планы деген ат менен кеңири белгилүү болгон № 21 директива тууралуу маалыматты дал ушул Альта аркылуу алган. Анда Үчүнчү рейх Советтер Союзуна каршы согушка даярдыкты практикалык жүзөгө ашыруу баскычына өткөргөндүгү жөнүндө сөз болгон.
Директива болгону тогуз нускада гана чыгарылган жана өтө жогорку купуялуулук (жашыруундук) деңгээлине ээ болгон.

Советтик жашыруун чалгынчылар (нелегалдар) документтин өзүн колго түшүрө алышкан эмес, бирок Альтанын агенти — фон Шелиа — анын мазмуну тууралуу маалыматтарды табууга жетишкен.
Аристократтык жана аскердик чөйрөлөрдөгү байланыштарынын аркасында ал кабыл алынган чечимдер жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат алып турган.
Берлиндеги байланышчысы аркылуу Ильзе Штёбе Борборго төмөнкүдөй билдирүү жөнөткөн:
«Арий жакшы маалымдалган аскердик чөйрөлөрдөн Гитлер СССР менен согушка даярдык көрүүгө буйрук бергенин жана ал 1941-жылдын мартында жарыяланарын билди».
Ошол эле учурда мындай сигналдар бир гана Альтадан түшүп жаткан эмес — европалык резидентуралар Москвага кол салууга даярдык көрүлүп жаткандыгы тууралуу ондогон билдирүүлөрдү жана документтерди жөнөтүп турушкан.

Бирок билдирүүлөрдөгү мөөнөттөр бири-бирине дал келген эмес: 1940-жылдын жайы, жылдын аягы, 1941-жылдын жазы деп ар кандай айтылган. Борбор кошумча маалыматтарды талап кылган.
1940-жылдын декабрынан баштап Альта «Барбаросса» планынын майда-чүйдөсүнө чейин ачып берген дагы бир нече телеграмма жөнөткөн. Аларда армиянын «Түндүк», «Борбор» жана «Түштүк» деген үч тобу түзүлүп жатканы кабарланып, болочок чабуулдун багыттары жана командачылары аталган.
Буга параллелдүү түрдө Тупиков жана аскердик атташе аппаратынын кызматкерлери немис армиясынын саны, курал-жарактары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуп жатышкан.

Москвага согуштук учактарды жана авиациялык кыймылдаткычтарды чыгарган 112 ишкананын иши, ошондой эле жаңы техниканын мүнөздөмөлөрү тууралуу маалыматтар келип түшүп турган.
Барган сайын көбөйгөн маалыматтар согушка даярдык көрүлүп жатканынан кабар берген: Чыгышты көздөй курал-жарак жүктөлгөн эшелондор тынымсыз агылып, ал эми аскердик составдардын ортосундагы аралык кээде он эле мүнөттү түзүп калган. Ошол эле учурда контрчалгындоо режими катаалдашкан — чет элдиктерге тынымсыз көзөмөл (аңдуу) жүргүзүлүп, иштөө барган сайын кыйындай берген.
Телеграммалардын биринде Альта дагы бир жагдай жөнүндө билдирген: Германия СССРге жалган маалымат берүү (дезинформация) өнөктүгүн баштаган. Басма сөз жана дипломатиялык каналдар аркылуу Англияга сокку урууга даярдык көрүлүп жатат деген версия таратылган.
Анын максаты жөнөкөй эле — реалдуу пландарды жашыруу жана кезектеги бута Советтер Союзу болорун түшүнүүнү болушунча кечеңдетүү.
1940-жылдын май айынан 1941-жылдын 21-июнуна чейин Борбор Германиянын согушка даярдыгы жөнүндө 300дөн ашык шифрленген телеграмма алган. Бул маалыматтардын басымдуу бөлүгү өлкө жетекчилигине жана Кызыл Армиянын командачылыгына баяндалган.
Бирок маалыматтардын олуттуу бөлүгү бири-бирине карама-каршы келген: алардын бир бөлүгү атайын таратылган жалган маалымат (дезинформация) болсо, бир бөлүгү Германиянын тез-тез өзгөрүп турган пландарын чагылдырган. Атүгүл эң мыкты, натыйжалуу чалгындоо кызматы да душмандын пландарындагы бардык өзгөрүүлөрдү толук каттап (көзөмөлдөп) турууга кудурети жетпейт.
1941-жылдын май айында генерал Тупиков немис резидентурасынын маалыматтарын жалпылап, Борборго көлөмү 100 беттен ашкан кеңири баяндама жөнөткөн.
Анда согуштун болжолдуу сценарийи баяндалган: негизги соккуларды «Түндүк», «Борбор» жана «Түштүк» армиялар тобу урушу керек болчу. Тупиков ошондой эле согуштук аракеттердин алгачкы күндөрүн болжолдоого аракет кылган. Ал немис аскерлери Кызыл Армиянын алдыңкы чектерин тез эле бузуп өтүп, 100–150 километрге чейин ичкери кирип кетет деп божомолдогон.
Германия жеңишке үч-төрт жуманын ичинде жетүүнү көздөгөн. Кийинки окуялар генералдын көптөгөн божомолдору реалдуулукка жакын болуп чыкканын көрсөттү.
16-июнда Берлинден жаңы шифрленген телеграмма келип түшкөн: «Альта» булагы вермахттын жогорку командачылыгынын штабында 22-июндан 25-июнга чейинки мезгилде СССРге каршы согушту баштоо маселеси активдүү талкууланып жатканын, ал эми Финляндия менен Румыния Германия менен бир убакта согушка кирүүгө даяр экенин билдирген. Телеграмманы дароо Сталинге жеткиришкен.
Андан кийин Кызыл Армияны ыктымалдуу агрессиянын мизин кайтарууга даярдоо боюнча кошумча чаралар бекитилген: бекемделген райондорду (укрепрайондорду) күжүрмөн даярдыкка келтирүү тездетилген, ал эми 18-июнда Башкы штаб аскердик округдарга аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга буйрук берген.
1941-жылдын 19-июнунда Ильзе Штёбе дагы бир билдирүү алган: кол салуу 22-июнга караган түнү башталышы керек эле. Ал шарттуу белги берип, Берлиндеги резидентуранын кызматкери менен байланышууга аракет кылган. Бирок бул учурга карата немис атайын кызматтары совет элчилигине күнү-түнү көзөмөл (аңдуу) орнотуп коюшкан эле — байланышчы жолугушууга келген жок.
Ал ортодо Москвада Германия элчилигинин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси болуп Штёбенин Варшава мезгилинен берки эски үзөңгүлөшү Герхард Кегель иштеп жаткан эле.
20-июнда Кегелден атайын билдирүү түштү:
«Элчиликтен балдарды алып чыгып кетишти. Дипломатиялык курьерлер Берлинден чыкпоо боюнча көрсөтмө алышты. Өнөр жай фирмаларынын өкүлдөрү Москвадан тез арада чыгып кетүүгө көрсөтмө алышты».
1941-жылдын 21-июнунда Герхард Кегель элчиликке келип, короодо документтерди өрттөп жатышканын көрдү. Коридорлордо согуштун жакында башталары тууралуу имиштер жүрүп жаткан эле. Болуп жаткан окуялардын олуттуулугун түшүнүп, ал аскердик чалгынчы Павел Петров менен байланышка чыгып, жетекчиликке жеткирүүнү суранды: бул маалыматтардын чындыгына ал башы менен жооп берет. Москвада аскердик чалгындоонун билдирүүлөрүнө олуттуу мамиле кылышты.
21-июнь күнү бою Сталин Кремлде иштеп, Георгий Жуковго чек арадагы аскердик округдарды күтүүсүз кол салуу болушу мүмкүн экендиги тууралуу эскертүүнү тапшырды. Саат 20:50дө Коргоо эл комиссариатынын жана Башкы штабдын жетекчилигинин кеңешмеси башталды. Аскерлерге №1 директива жөнөтүлдү:
«1941-жылдын 22-23-июну аралыгында немистердин күтүүсүз кол салуусу мүмкүн».
Чалгындоо кызматы эскерткендей эле, согуш 22-июнда башталды.
Таңкы саат 4:30да нацисттик Германия Советтер Союзуна кол салды. Буга жарым саат калганда германиялык авиация алдын ала белгиленген объектилерге сокку ура баштаган. Берлин аппараты Борборго кыска телеграмма жөнөттү: «”Гроза” операциясы башталды».
Согуш башталгандан кийин Германияда радиобатирлерди аныктоо жана жашыруун (нелегал) чалгынчыларды издөө боюнча атайын топ түзүлгөн. 1941-жылдын 13-сентябрында Брюсселде аскердик чалгындоонун резиденти Анатолий Гуревичтин («Кент») радиобатири жок кылынып, кызматкерлери камакка алынган.
1942-жылдын июнунда Францияда Леопольд Треппердин резидентурасынын радисттери, ошондой эле Бельгияда радист Иоганн Венцель камакка алынган.
Штёбе бул ачылып калуулар (мүчүлүштүктөр) тууралуу билген эмес, бирок чыңалуунун өсүп жатканын сезип турган: жазууларын жок кылып, документтердин сүрөттөрүн өрттөп, аны шекке алдыра турган нерселердин баарынан арылган.
Гернштадт менен ажырашкандан кийин Ильзе анын көз караштарын тең бөлүшкөн жана Советтер Союзуна симпатиясы бар немис журналисти Карл Хельфрих менен таанышкан.

1939-жылы ал аны ишке тарткан. Ал «Гер» псевдонимин алган. 1942-жылдын сентябрында алар баш кошууга камданып жатышкан. Бирок Штёбе камакка алуу каалаган учурда болушу мүмкүн экенин түшүнгөн.
12-сентябрда, үйлөнүү тою өтүп жаткан учурда батирге гестапочулар бастырып киришкен. Жаңы үйлөнгөндөрдү камакка алышкан.
Катачылык кайдан кеткени кийинчерээк белгилүү болду. Берлинге Штёбени таап, аны менен байланышка чыгуу көрсөтмөсү жазылган шифрленген билдирүү жөнөтүлгөн экен. Билдирүү өтө этиятсыздык менен түзүлгөн: анда анын аты гана эмес, жазылышынын мүмкүн болгон варианттары — «Ильзе», «Эльза», «Штюб», ошондой эле анын Берлиндеги дареги да көрсөтүлгөн болчу. Бул учурга карата советтик шифрлер немистер үчүн табышмак болбой калган эле. Шифрди кармап калышкан — ошентип Ильзе Штёбе камакка алынган. Аны менен кошо барон фон Шелиа да кармалган — анын аты да ошол каргашалуу билдирүүдө жүргөн. Сурактардан кийин ал өлүм жазасына тартылган.
Немистер түшүнүп турушкан: ар бир байланышчынын артында советтик чалгындоо кызматына иштөөнү улантып жаткан адамдардын бүтүндөй тармагы турат. Велькиш жубайларынын жана Берлин резидентурасынын башка катышуучуларынын өмүрү Ильзенин кыйноолорго туруштук бере алар-албасына көз каранды эле.
1942-жылдын 23үнөн 24-декабрына караган түнү Штёбени Берлиндеги Плётцензее түрмөсүндө гильотина аркылуу өлүм жазасына тартышкан. Өлүм жазасынын мындай ыкмасы ага Гитлердин жеке буйругу менен белгиленген.
Бирок Альта бир дагы ысымды атаган эмес. Андан жана фон Шелиадан башка Варшава тобунан эч ким жапа чеккен жок — калгандары согуштан аман чыгышты.
Карл Хельфрих да аман калды. Шектенүүлөргө карабастан, соттон кийин аны концлагерге жөнөтүшкөн, ал эми 1945-жылы аны Кызыл Армия бошоткон. Согуштан кийин ал ФРГга көчүп барып, журналист болуп иштөөсүн уланткан.
Рудольф Гернштадт согуштан кийин ГДРде жашап, Германиянын Коммунисттик партиясында жетекчи кызматтарды ээлеген.
1969-жылдын октябрында СССР Жогорку Советинин Президиумунун жабык жарлыгы менен Ильзе Штёбе фашизмге каршы күрөшкө катышкандыгы, Советтер Союзуна көрсөткөн жардамы жана көрсөткөн эрдиги менен туруктуулугу үчүн өлгөндөн кийин «Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.
Чалгындоо — бул ар дайым душмандын аймагындагы тирешүү. Советтик аскердик чалгындоо нацизмге каршы күрөштү Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле баштаган. Жана ага катышкандардын көбү келечектеги жеңиш үчүн эң кымбат бааны төлөштү.
Анара Мамытова
Материал Орусия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын жана Башкы чалгындоо башкармалыгынын купуя сыры ачылган документтериндеги маалыматтардын негизинде даярдалды.