ЖККУ уюмдун Уставына кол коюлгандыгынын 24 жылдыгын белгилөөдө

Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) эл аралык аймактык уюм макамын бекиткен Уставына кол коюлганына 24 жыл толду.
Тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо, ошондой эле мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин жамааттык негизде коргоо ЖККУнун негизги максаттары бойдон калууда.
Учурда уюмга алты өлкө — Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Тажикстан кирет.
2026-жылы ЖККУга Орусия төрагалык кылууда. Төрагалыктын урааны — «Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук: бирдиктүү максат, жалпы жоопкерчилик».
Уюмдун алкагында өлкөлөр кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жөнгө салуу, коопсуздукка келген коркунучтарга каршы туруу, Жамааттык күчтөрдүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана тышкы саясатты координациялоо багытында кызматташып келет.
Биологиялык жана маалыматтык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. ЖККУ мамлекеттеринин укук коргоо органдары жана атайын кызматтары терроризмге, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы биргелешкен операцияларды жүргүзүп келишет.
2026-жылдын сентябрь-октябрь айларында Челябинск облусунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн катышуусунда машыгуулар өтүүдө.
Уюм башка эл аралык бирикмелер менен да кызматташтыкты өнүктүрүп келет. 2004-жылдан бери ЖККУ БУУнун Башкы Ассамблеясында байкоочу макамына ээ жана КМШ менен ШКУ уюмдары менен тыгыз кызматташат.
15–16-октябрда Москвада Борбордук Азиядагы жана Ооганстандагы коопсуздук маселелери боюнча ЖККУ, КМШ жана ШКУнун биргелешкен конференциясы өтүшү пландалууда.
Мындан тышкары, 10–11-ноябрда Москвада ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы жана тышкы иштер жана коргоо министрлери кеңештеринин, ошондой эле Коопсуздук кеңештеринин катчылары комитетинин биргелешкен отуруму өтөт.
Анын жыйынтыгында уюмдун жамааттык коопсуздук тутумун чыңдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынары күтүлүүдө.