Бишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды

Бишкек шаарында жалпы баасы 17,9 млн сомду түзгөн уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип, эки чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Чүй облусунун аймагынан чет мамлекеттин номуру тагылган Toyota Land Cruiser автоунаасы текшерүүгө алынган. Унаанын кыймылдаткыч бөлүгүнөн жана кузовунун ичинен бажылык жол-жоболордон өтпөгөн 358 даана уюлдук телефон (249 даана iPhone, 109 даана Samsung, 2 даана LG) жана кулакчындар табылып алынган. Продукциянын баасы болжол менен 17,9 млн сомду түзөт.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Экономикалык контрабанда» беренеси кылмыш иши козголгон. Тергөөдө телефондор Алматы шаарынан ташылып келгени аныкталган.
Кылмышка шектүү катары чет мамлекеттин жарандары: 29 жаштагы А.К. жана 18 жаштагы В.М. кармалды. Соттун чечими менен шектүүлөр эки айлык мөөнөткө №1 тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.