Бекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалдыЖККУ уюмдун Уставына кол коюлгандыгынын 24 жылдыгын белгилөөдөНарын шаарында 350 балага ылайыкталган оюн-зоок борбору курулуудаЭнергетика министрлигинин жетекчиси кышында электр жарыгы өчүрүлөбү же жокпу, айтып бердиЖапаров Путинди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктады
Нарын шаарында 350 балага ылайыкталган оюн-зоок борбору курулууда
07.10.2026 | 16:49
Нарын шаарында ата-энелери менен бирге бир убакта 350 баланы кабыл алууга ылайыкталган балдардын оюн-зоок борбору курулууда. Бүгүн, 7-октябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында аталган объектинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Булу тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эки кабаттуу борбор аянты 6 миң 600 чарчы метр болгон жер тилкесине салынууда. Имараттын жалпы аянты 1 миң 500 чарчы метрди түзөт.
Анда оюн жана эс алуу залдары, оюн аянтчалары жана балдардын өнүгүүсүнө багытталган бөлмөлөр каралган. Долбоор Нарын шаарынын социалдык инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: балдар, Нарын шаары


