Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда тапты

Чет өлкөлүк капиталдын катышуусундагы ишканалар 2025-жылы 109,3 млрд сом таза пайда алышкан. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1,8 эсе көп. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин жыйнагында келтирилген.
Эң көп кирешени кайра иштетүү өнөр жайы (46,5 млрд сом), соода жана автомобилдерди оңдоо (42,2 млрд сом), пайдалуу кендерди казып алуу (16,1 млрд сом), байланыш (7,2 млрд сом) жана курулуш (3,7 млрд сом) тармактары алышкан. Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо тармагындагы ишканалар 14,2 млрд сом өлчөмүндө олуттуу чыгымга учураган.
Мындай ишканалардын 30,6%ы киреше менен иштеп, жалпысынан 153,7 млрд сом пайда тапкан. Кирешелүү ишканалардын үлүшү 1 пайыздык пунктка азайганына карабастан, алардын пайдасынын көлөмү 61 млрд сомго өскөн. Чыгым тарткан ишканалардын үлүшү 31,5%ды түзүп, алардын жалпы чыгымы 44,5 млрд сом болгон.