Мисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалды

23.10.2026 | 16:40
Новым послом Египта в Кыргызстане назначен Самех Фарук Мохамед Шехата — Новости Кыргызстана

Самех Фарук Мохамед Шехата Мисир Араб Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бүгүн, 23-октябрда, жаңы дайындалган элчи Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункуловго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда Турсункулов жаңы дайындалган элчини жаңы кызматы менен куттуктап, эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү ишинде ийгилик каалаган.

Ошондой эле тараптар кыргыз-мисир кызматташтыгынын маселелерин, анын ичинде алдыдагы сапарларды уюштурууну, Өкмөттөр аралык комиссиянын алгачкы отурумун өткөрүүнү жана тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий кеңешмелерди жүргүзүүнү талкуулашкан.

Өз кезегинде Самех Фарук Мохамед Шехата эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшай турганын билдирген.

Scroll to Top