2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат

16.10.2026 | 14:32
2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат — Новости Кыргызстана

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда соттордо жарандардын кызыкчылыгын коргогон юристтерге карата жаңы талаптар күчүнө кирет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 3-августунда кол коюлган мыйзамда каралган. Анын максаты — юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу, жарандарды ак ниет эмес өкүлдөрдөн коргоо жана бирдиктүү кесиптик стандарттарды белгилөө болуп саналат.

Соттордо жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн юристтер Юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрине катталышы керек болот.

Реестрге кирүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
• жогорку юридикалык билим;
• юридикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
• 80 академиялык сааттан кем эмес мөөнөттөгү атайын окуудан өтүү.

Айрым категориялар үчүн өзгөчөлүктөр (жеңилдиктер) каралган.

Ишкана-мекемелердин штаттык юристтери реестрге кирбестен эле соттордо өз жумуш берүүчүлөрүнүн кызыкчылыгын коргой алышат.

Юридикалык адистер тартыш болгон райондордо Юстиция министрлиги билимге жана иш стажына карата талаптарды убактылуу жумшарта алат.

Жаңы эрежелерди киргизүүгө даярдык алдын ала башталат. Окуудан өтүүнү жана реестрге катталууну каалаган юристтерден арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын октябрында эле башталышы пландалууда.

Жакынкы арада Юстиция министрлиги Кыргызстандын Адвокатурасы менен биргеликте окуудан өтүүнүн жана тиешелүү документтерди тапшыруунун тартибин түшүндүрүп берет.

Scroll to Top