Алдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды

Бишкекте шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Жакыпов кармалды. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, ал алдамчылыкка шектелүүдө.
Бишкек шаардык соту Reporter.kg басылмасына айыпталуучуга карата 20-декабрга чейин үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын тастыктады. Ал сот залынан бошотулду.
«Үй камагында болгон мезгилде Ж. Т. М.ге күн сайын саат 22:00дөн 06:00гө чейин жашаган жеринен чыгууга тыюу салынды. Сот аны тергөө органдарынын жана соттун биринчи чакыруусу боюнча келүүгө милдеттендирди, ошондой эле тергөөчүнүн же соттун уруксатысыз Бишкек шаарынын чегинен чыгып кетүүсүнө тыюу салды», — деп билдиришти соттон.
Таалайбек Жакыпов — ишкер жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Ал 28-жана 29-чакырылыштарга «Жаңы күч — Новая сила» фракциясынан шайланган.
Анара Мамытова