Ысык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылды
Бүгүн, 23-октябрда, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул борбор ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү башка түрлөрүн сактоо максатында түзүлдү. Ал илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү жана жаныбарларды реабилитациялоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
Долбоордун алкагында жапайы жаныбарлардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоо, популяцияны калыбына келтирүү чараларын иштеп чыгуу, ошондой эле адистерди даярдоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.
Ачылыш аземине Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов катышкан.
Касымалиев өз сөзүндө борбордун ачылышы жаратылышты коргоодогу маанилүү кадам экенин белгилеп, долбоорду ишке ашырууга катышкандыгы үчүн Татарстандын башчысы Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирген.


