Бишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттү

23.10.2026 | 15:27
В Бишкеке состоялся концерт швейцарского оркестра La Landwehr de Fribourg — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 22-октябрында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Швейцариянын La Landwehr de Fribourg духовой оркестринин концерти өттү. Жамаат Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу өнөр көрсөттү.

Бишкектеги концерттик программанын өзгөчөлүгү швейцариялык оркестрдин репертуарындагы чыгармалар кыргыз композиторлорунун музыкасы менен айкалыштырылганында болду.

Өзгөчө кызыгууну кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары Батыш Европанын духовой оркестри менен биргеликте аткарылган чыгарма жаратты.

Бишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттү — Новости Кыргызстана
La Landwehr de Fribourg — Фрибур кантонунун жана шаарынын расмий музыкалык жамааты. Ал 1804-жылы негизделген. 220 жылдан ашуун тарыхында оркестр дүйнөдөгү абройлуу концерттик аянтчаларда, анын ичинде Нью-Йорктогу Карнеги-холлдо, Сидней опера театрында жана Буэнос-Айрестеги Колон театрында өнөр көрсөткөн.
Теги: концерт
Scroll to Top