Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Жо Байден Украинага барды – видео
20.02.2023 | 16:55
АКШнын президенти Жо Байден Киевге барды. Бул америкалык лидердин президенттик мөөнөтү башталгандан бери Украинага жасаган алгачкы сапары. Бул тууралуу РБК-Украина билдирди.
“Мен президент Байденге Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы согушунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазымын” – деди Зеленский Байден менен жолугушууда.
“Жозеф Байден, Киевге кош келиңиз! Сиздин визитиңиз украиналыктар үчүн абдан маанилүү колдоо көрсөтүү”, – деп жазып, сүрөтүн жарыялады Украинанын президенти.
Жо Байден Украинанын президенти менен бирге Киевдин борборуна барып, борбор калаада аба соккусунан улам каза болгон украин баатырларынын элесине таазим кылды. Мындан тышкары, Байден Украинага жаңы жардам көрсөтүлөрүн жарыялады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар