Жогорку Кеңештин маалымат кызматы парламенттеги комитеттин бөлүм башчысы кол алдындагы кызматкерди сабады деген маалымат боюнча үн катты.
Белгилүү болгондой, буга чейин Kaktus.media’га Сергей Ким аттуу жаран кайрылып, Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин бөлүмүндө адис болуп иштеген уулу Русланды бөлүм башчы (У.А.) жана дагы эки киши сабаганы тууралуу айтып берген. Ал окуя 27-декабрда парламенттин аппаратынын кызматкерлеринин жаңы жылдык кечесинен кийин болгонун айткан.
Сергей Кимдин айтымында, уулунун бет жана жаак сөөктөрү сынып, башы чайкалган жана башка жараткаттары бар. Ага бир нече операция жасалган.
Алар милицияга арыз жазып, бөлүм башчы (У.А.) менен беттештиришкен. Ал эч кимди урбаганын айтып, Руслан өзү унаадан секирип кетип, электр мамыны сүзүп алганын билдирген.
Сергей Ким уулун сабады деген бөлүм башчы (У.А.) тааныш-билиштеринин жардамы менен жоопкерчиликтен качып кетет деп коркуп жатканын айткан.
Милиция эмне дейт?
Милиция билдиргендей, Руслан Ким арыз менен кайрылып, У.А. (бөлүм башчы) аттуу жаран Анкара көчөсүндөгү ресторандардын биринен сабаганын айткан.
Бул факты боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Милиция анын жыйынтыгы менен бул ишке юридикалык баа берерин билдирди.
Жогорку Кеңеш үн катты
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Жайыл Русланов, аталган окуя иш учурунда же жаңы жылдык кече учурунда болбогонун, тергөө аяктагандан кийин тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирди.
«Бул окуя иш учурунда же корпоратив маалында болгон эмес. Андан тышкаркы убакта болгон экен. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтар окуяны иликтеп, баа берет. Бул жагымсыз жагдай парламенттин аппаратынын жетекчилигинин да көзөмөлүндө. Андыктан, тергөөнүн жыйынтыгына жана мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынат», -деп айтылат маалыматта.
Сөз болуп жаткан бөлүм башчы учурда оз ордунда иштеп жатат.
Ошондой эле бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев аппарат жетекчилери баштаган кызматкерлердин катышуусунда жыйын өткөргөн.
Төраганын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаевдин айтымында, аталган жыйында бөлүм башчы кол алдындагы кызматкерди сабады делген окуя каралган эмес.