Санкт-Петербургдун «Балтийский дом» театры алгачкы ирет Бишкекке гастролго келет

Санкт-Петербургдун белгилүү «Балтийский дом» театр-фестивали өз тарыхында алгачкы ирет Бишкекке гастролго келет. 12-июндан 14-июнга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын сахнасында петербургдук жамааттын үч маанилүү спектакли көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк бул турне РФ Маданият министрлигинин «Чоң гастролдор» (Большие гастроли) программасынын алкагында «Росконцерт» тарабынан уюштурулган жана театрдын мааракелик жылына туш келди — күзүндө ага 90 жыл толот. Бишкектик көрүүчүлөр үч башка сахналык чыгарманы көрө алышат: Алексей Арбузовдун «Таня» драмасын («Золотой софит» сыйлыгынын лауреаты), Чеховдун «Попрыгунья» аңгемеси боюнча трагикомедияны жана Голливуддун көшөгө артындагы жашоосу тууралуу «Үч эркек жана бир шедевр» («Трое мужчин и один шедевр») комедиясын.
Театрдын директору Сергей Шуб Кыргызстанга болгон бул алгачкы сапар чыгармачылык алмашуу жана жаңы көрүүчүлөр менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Тарыхы Георгий Товстоноговдун легендарлуу ленинграддык «Ленком» театрынан башталган «Балтийский дом» бүгүнкү күндө орус театр маданиятынын флагмандарынын бири жана ири эл аралык фестивалдардын уюштуруучусу болуп саналат.