«Манас» университети мыйзамсыз курулуш боюнча айыптоолорго жооп берди — кененирээк

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Ч. Айтматов атындагы кампустун аймагында жатакананын курулушу боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Окуу жайдан билдиришкендей, кыздар үчүн жатакананын курулушу тиешелүү уруксат кагаздарын алгандан кийин башталган жана ал мыйзамсыз эмес.
Билдирүүдө айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда «“Манас” университетинин жатаканасынын курулушу уруксаты жок болгондуктан токтотулду» деген маалыматтар пайда болгону айтылат.
Буга байланыштуу ректорат бул жатакананын курулушу студенттердин жашоо жана окуу шарттарын жакшыртууга багытталган инвестициялык долбоор экенин түшүндүрөт.
«Долбоорду ишке ашыруу үчүн архитектура, шаар куруу, инженердик инфраструктура, экология жана техникалык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тиешелүү уруксаттар алынган», — деп айтылат тиешелүү ведомстволордун тизмеси келтирилген ректораттын билдирүүсүндө.
Алар: Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, «Бишкексууканал» МИ, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ӨКМ жана башка түзүмдөр.


Жогорку окуу жайдын маалыматы боюнча, уруксат алуу жол-жоболору аяктагандан кийин ачык тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен 2026-жылдын 1-июнунда университет жеңүүчү компания менен келишим түзгөн.
Ошондой эле келишимдин шарттарына ылайык, 4-июнда подряддык компания Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментине тиешелүү документтерди жана курулуш иштеринин башталгандыгы тууралуу билдирүүнү тапшырган.
Ректорат ошондон кийин гана подрядчы даярдык иштерин: курулуш аянтчасын уюштуруу, убактылуу объекттерди орнотуу, коопсуздукту камсыздоо, инженердик инфраструктураны куруу жана инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү баштаганын баса белгилейт.
«Бардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартиптерге ылайык жүргүзүлдү. Бул курулуш айрым маалыматтарда айтылгандай өз билемдик же мыйзамсыз эмес экенин өзгөчө белгилейбиз», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда, 11-июнда Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан 2026-жылдын 13-мартындагы долбоордун курулуш жана шаар куруу нормаларына шайкештиги жөнүндө мурда берилген корутунду жокко чыгарылганы тууралуу кат келген.
Ректорат бул жагдай курулуш бардык керектүү уруксаттар алынгандан кийин башталганын, ал эми учурда талкууланып жаткан маселе иш башталгандан кийинки административдик чечимдин натыйжасында келип чыкканын белгилейт.
Университет «имарат уруксаты жок курулуп жатат» же «мыйзамсыз курулуш» деген билдирүүлөр чындыкка коошпойт жана коомчулукта туура эмес пикир жаратат деп билдирди.
Ректорат окуу жай студенттердин окуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантарын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти 11-июндагы текшерүү учурунда «Бишкек шаарынын Жал кичи району, №30 үй дареги боюнча объекттин курулушу мыйзамсыз башталгандыгы аныкталганын» билдирген.
Департаменттин маалыматы боюнча, объектте тиешелүү уруксат кагаздары жок жана курулуп жаткан объекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Битрейд Импекс» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 миң сом айып салынган. Бардык иштер кемчиликтер толук жоюлганга чейин токтотулган.