Жалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттанды

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тергөө абагында кармалып турган адамга медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө жана кыйноолор тууралуу арызы боюнча Стамбул протоколун түзүүгө жардам беришти. Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында протокол түзүлдү. Акыйкатчы институту материалдарды текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөттү.
Арыз 9-октябрда өкүлчүлүктүн кызматкерлери Манас шаарындагы ЖАМКнын №53 тергөө абагына барганда түшкөн. Мониторинг учурунда карантин бөлүмүндө жаткан 48 жаштагы А.Т.Т. милиция кызматкерлеринин физикалык зомбулугуна кабылганын айтып, укуктарын коргоого жардам сураган. Ал ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү фактысы боюнча шектелүүдө (Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси). Ал 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында кармалган.
Арыз ээсинин айтымында, түн ичинде аны Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерде ыкчам бөлүмдүн кызматкери сурак учурунда ага күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөргө кол коюуга мажбурлаган. Андан соң эркек кишини Октябрь айылындагы милициянын аймактык бөлүмүнө алып барышкан. Анын айтымында, ал жерде эки күн бою тамак берилген эмес. 1-октябрда аны кайрадан Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.
А.Т.Т.нын билдиришинче, 3-октябрда райондук ички иштер бөлүмүндө аны кайрадан сабашкан. Ага жамбашына жана башына таяк менен, кулаг