Стамбулду катуу нөшөрдөн кийин суу каптады: эки адам каза болуп, мектептер жабылды

Стамбулда катуу нөшөрдүн кесепетинен ири суу ташкындары болуп, эки адам каза тапты. Суу турак үйлөрдү, ишканаларды, жолдорду жана метро станцияларын каптады. Шаарда мектептердеги сабактар токтотулуп, эки дөңгөлөктүү транспорттун кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу 15-октябрда Түркиянын бийлиги жана жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.
14-октябрда Түркиянын эң ири шаарына катуу жаан жаады. Айрым райондордо көчөлөрдү суу каптап, агым токтоп турган унааларды агызып кеткен. Жер алдындагы өтмөктөрдү, жер төлөлөрдү жана имараттардын биринчи кабаттарын суу басты. Эйюпсултан жана Газиосманпаша райондорунда жолдун асфальты бузулган.
Бийликтин маалыматына ылайык, жаан-чачындын эң көп көлөмү Бейкоз районунда катталып, 193,84 мм түзгөн. Арнавуткөйдө 125,9 мм, ал эми Маслак районунда 124,72 мм жаан жааган.
Аба ырайынын кескин начарлашынан эки адам каза болду. 14-октябрда Фатих районунда 14 жаштагы өспүрүм көлчүктү басып, токко урунуп каза тапкан. Дагы бир жабырлануучу — 34 жаштагы эркек киши. Ал Сарыер районунда суу каптаган көчөдө тайгаланып жыгылып, башынан оор жаракат алган.
Расмий маалыматтарга караганда, 14-октябрда саат 06:00дөн 20:00гө чейин өзгөчө кырдаалдар кызматтарына 2 518 билдирүү түшкөн. Алардын ичинен 1 277си суу каптоого, 15и жер көчкүгө байланыштуу болгон. Ошондой эле аба ырайынын кесепетинен кооптуу абалда калган адамдар тууралуу 47 билдирүү катталган. Мындан тышкары, 808 турак үйдү, 280 ишкананы суу каптаганы жана 76 унаа жабыркаганы же сууга чөккөнү тууралуу маалыматтар түшкөн.
Суу эки оорукананын имаратына жана Hacıosman метро станциясына кирген. Султангази районунда башталгыч мектептин таяныч дубалы урап түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, окуучулар жабыркаган эмес.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга өзгөчө кырдаалдар жана коммуналдык кызматтардын 8 миңге жакын кызматкери, ошондой эле 2 миң техника тартылган.
Стамбулдун губернатору Давут Гүл 15-октябрда бардык мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайларында сабактарды токтотуу тууралуу буйрук берди. Ошондой эле 14-октябрда саат 21:00дөн тартып өзгөчө буйрук чыкканга чейин мотоциклдердин жана ушул сыяктуу эки дөңгөлөктүү транспорттун жолго чыгышына тыюу салынды.
Мамлекеттик мекемелерде иштеген кош бойлуу аялдарга, майыптыгы бар кызматкерлерге жана сегиз жашка чыга элек балдары бар энелердин айрым категорияларына административдик өргүү берилди.
Бийлик тургундарды зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого, суу каптаган жолдордон, жер алдындагы өтмөктөрдөн жана дарыялардын нугунан алыс болууга чакырды. Жер төлөдө жашагандарга убактылуу жогорку кабаттарга көчүү сунушталды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, аэропорттордун учуп-конуу тилкелери ишин уланткан. Куткаруу жана калыбына келтирүү иштери уланууда.