Шайлообек Атазов сот аны толугу менен актаганын билдирди

15.10.2026 | 10:06
Шайлообек Атазов сообщил, что суд полностью оправдал его — Новости Кыргызстана

Шайлообек Атазов эки жыл бою тергелген кылмыш иши боюнча сот аны толугу менен актаганын билдирди. Бул тууралуу ал сот отуруму аяктагандан кийин дароо Facebook баракчасына жазды. Атазовдун айтымында, сот анын аракеттеринен кылмыштын курамын тапкан эмес.

Атазов бул ишти атайын уюштурулган деп атады. Анын ырасташынча, иш саясий себептерден улам козголуп, аны саясий процесстерге жана Жогорку Кеңешке шайлоого катыштырбоону көздөгөн. Атазовдун айтымында, бул иштен анын апасы, үй-бүлөсү жана жакындары да жабыркаган. Ал куралчан атайын багыттагы күчтөр үйүнө басып кирип, колуна кишен салган күндү эске салды.

Атазов мамлекет башчысына чейин жеткен кат жазганын айтты. Ал соттун чечимин мыйзамдуу жана адилеттүү деп атап, муну сот системасындагы реалдуу реформалар менен байланыштырды. Анын айтымында, ага каршы ишти «тапшыргандардын» көбү кызматтан кеткен, ал эми анын колуна кишен салгандардын айрымдары өздөрү темир тор артына түшкөн.

Reporter.kg маалымкаты. Шайлообек Атазов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Билими боюнча юрист жана финансист. 2022-жылдын февралында Свердлов бир мандаттуу №29 шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодон кийин Жогорку соттун чечими менен депутаттык мандат алган. 2024-жылдын 7-майында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку соттун токтомуна ылайык анын мандатын жокко чыгарган. 2025-жылдын ноябрында Атазов массалык башаламандыкка чакырык жасоо иши боюнча кармалган. Ал эми 2026-жылдын январында туугандарынын маалыматына караганда, камактан бошотулган.
Теги: суд
Scroll to Top