Бишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөт

24-октябрда Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканда «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөт. Иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.
Министрликтин маалыматында, фестивалга Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан катышуучулар келет. Иш-чара стол үстүндөгү ролдук оюндарды таанытуу жана катышуучулардын тажрыйба алмашуусу максатында өткөрүлүүдө.
Фестивалдын программасына D&D, Daggerheart, PbtA системалары боюнча оюндар, ачык оюн үстөлдөрү, тематикалык лекциялар жана жергиликтүү авторлордун жарманкеси киргизилген. Мындан тышкары, Flesh and Blood карта оюндары, Warhammer клубу жана оюндарды сатуу, алмашуу аянтчалары уюштурулат.
Фестиваль саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Кирүү билетинин баасы 450 сомду түзөт. Иш-чарага 12 жаштан жогорку курактагы адамдар катыша алат, ал эми 14 жашка чейинкилер чоңдордун коштоосунда келиши керек. Билеттер Kassir.kg сайтында сатылууда.