Жөлөкпулдун акчасын кымырып алууга шектүүлөр кармалды

Жөлөкпулдун акчасын кымырып алууга шектүүлөр кармалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКга аталган министрликтин кызмат адамдары тарабынан жарандарга төлөнө турган социалдык төлөмдөр жана жөлөкпулдардын акчасын өздөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар түшкөн.

Белгилүү болгондой, министрликтин Аламүдүн райондук башкармалыгынын 2021-2022-жылдагы иши боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында аталган башкармалыктын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен 9 млн 52,9 миң сом социалдык төлөм жана жолөкпулду өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Бул иш боюнча шектүү катары башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. кармалган.

«Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында күнөөлүүлөр Кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын 2021-жылга чейинки иштерин текшерүүгө алуу пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>