Соттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодоБишкекте Эл аралык карылар күнүнө карата музыкалык кече өтөтКазакстанда ЖККУнун «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктадыКыргызстан түштүк кореялык компания менен киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койдуТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалуудаСадыр Жапаров АКШга жумушчу сапары менен барды
Прокуратура кызматкерлери үчүн Жети-Өгүздө 19,1 млн сомго үй салынат
14.09.2023 | 12:09
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун прокуратура кызматкерлери үчүн эки кабат үй салууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Эки кабаттуу үйдү Кызыл-Суу айылында 19 млн 118 миң 120 сомго куруу каралган.
Сынак Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция тарабынан жарыяланган.
Арыздар 27-сентябрга чейин кабыл алынат.
Эскерте кетсек, буга чейин июнь айында Жети-Өгүз районунун прокуратура кызматкерлери үчүн Кызыл-Суу айылында эки кабаттуу үй салуу үчүн тендер жарыяланган. Анда турак үйдү 15,7 млн сомго куруу пландалган. Бирок аталган тендер болбой калган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом