КРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталуудаЖаан-чачын күтүлбөйт: 17-ноябрга карата аба ырайынын божомолуМүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодо
Журналист Гүлжан Каримованын бөгөт чарасы өзгөртүлдү
21.11.2023 | 09:22
Nazarnews сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримованын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Журналист 15-январга чейин үй камагында болот.
Эскерте кетсек, Гүлжан Каримова 16-ноябрда УКМКга сураккка чакырылып, ошол эле күнү 48 саатка камакка алынган. Анын кармалышына 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгон. Ал Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелүүдө.
18-ноябрда Биринчи май райондук соту Гүлжан Каримованы 1-декабрга чейин камакка алды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом