Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт

Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы Оман менен ойнойт.

Беттеш дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын экинчи айлампасынын алкагында борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Оюн саат 19:00до башталат.

Эске салсак, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасында Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбей менен D тайпасына жайгашкан. Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлгөндүктөн, өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Буга чейин 16-ноябрда Кыргызстан Малайзия менен ойноп, 3:4 эсебинде жеңилип калган. Учурда D тайпасында Оман менен Малайзияда үчтөн упайы бар. Ал эми биринчи беттешиде жеңилген Кыргызстан менен Кытайлык Тайбей азырынча упай ала элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>