Журналисттерди коргоо комитети Темировдун депортацияланышын сындады

Журналисттерди коргоо комитети Темировдун депортацияланышын сындады

Кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу Журналисттерди коргоо комитети билдирүү жасады.

Аталган комитеттин Европа жана Борбор Азиядагы программасынын координатору Гульноза Соид белгилегендей, Кыргызстандын жараны жана Борбор Азиядагы эң мыкты иликтөөчү журналист болгон Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы кыжырды келтире турган жоопкерчиликсиз жана кекчил кадам болуп саналат жана Россияда мобилизация жүрүп жаткан тапта анын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн.

«Кыргызстандын бийлиги Темировго жана анын Temirov Live каналына болгон бир нече айга созулган соттук куугунтукка чекит койгон бул чараны токтоосуз түрдө жокко чыгарып, көз карандысыз ММКларга карата куугунтукту жана алардын ишине тоскоолдук жаратууну токтотушу керек», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Соттун өкүмү дароо аткарылып, Темиров ошол эле күнү кечинде Россияга депортацияланды.

Буга чейин, 28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес. Райондук соттун бул чечимдери өзгөртүүсүз калтырылды.

Быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>