Айпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Ал 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.
Медет кызы мелдешти 27-октябрда 1/8 финалдан баштады. Алгачкы беттеште египеттик балбан Самар Амер Ибрахим Хамзаны 10:6 эсебинде утуп, атаандашын далыга жаткырды. Чейрек финалда австриялык Мартина Кюнц менен беттешип, 3:3 эсебинде күрөш ыкмаларынын сапаты боюнча жеңишке жетти.
Жарым финалда кыргызстандык балбан Индиянын өкүлү Кажал менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталды.
Кыргызстандан 65 кг чейинки салмак категориясында Гүлнура Талантбекова да катышты. Ал дагы мелдешти 1/8 финалдан баштап, украиналык спортчуга утулду. Талантбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүгүн сактап калды.