Жай башталгандан бери өлкөдө 41 адам сууга чөгүп каза болду, — ӨКМ

Жай башталгандан бери өлкөдө 41 адам сууга чөгүп каза болду, — ӨКМ

Кыргызстанда 2023-жылдын 10-июлуна чейин сууга чөккөн адамдардын саны 60ка жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын 41и жай мезгилинде сууга чөгүп, каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 33%га өскөн.

“Тилекке каршы, суудан ажал тапкандардын 56%ы эркектер, 31%ы 12 жашка чейинки балдарды түзөт. Кырсыктын негизги себеби – сууга түшүүгө тыюу салынган объекттер: каналдар, көлмөлөр, дарыялар, суу сактагычтарга түшүү, мас абалында жээгинде эс алуу жана башка”, — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жыл сайын кыш жана жай мезгилинде калкка суу коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал тургай айрым суу аянттарына түшүүгө болбостугун түшүндүрүп келишерин, эң өкүнүчтүүсү – жарандардын кайдыгерлигинде экенин белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>