Быйыл Токтогул суу сактагычынан 40,8 миң метр тор жана жарым тонна таштанды чыгарылды

07.08.2026 | 15:03
Жыл башынан бери Токтогул суу сактагычынан 40,8 миң метр тор жана 500 кг таштанды чыгарылды — Новости Кыргызстана

Экотехкөзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычында рейд өткөрүп, анын жүрүшүндө суудан жалпы узундугу 300 метр болгон эски синтетикалык торлор чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери Токтогул суу сактагычында жалпы 52 рейд өткөрүлгөн. Натыйжада суу түбүнөн 40 миң 800 метр синтетикалык тор жана 500 килограмм таштанды чыгарылган. Көзөмөл иштери балык ресурстарын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу багытында улантылат.

Министрлик бул иш-чаралар айрым суу сактагычтарда балык уулоого киргизилген мораторийдин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирди. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №636 токтомуна ылайык, балыкты өндүрүштүк негизде кармоого тыюу салынган.

Scroll to Top