Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Садыр Жапаров Чолпон-Атада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту — кеңири маалымат
07.08.2026 | 15:09

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 7-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту.
Куттуктоо сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары карай турганын баса белгиледи.
Президент Кыргызстан мындан ары да Бирликтин ишмердүүлүгүнө жигердүү катышууга даяр экендигин ырастады.
Мамлекет башчысы ошондой эле кийинки Евразия экономикалык форуму республиканын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында 2027-жылы Кыргызстанда өтөрүн билдирди. Ал өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды тартуу менен форумдун катышуучуларынын катарын кеңейтүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду жандандыруунун, ошондой эле ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттердин колдоо жана каржылоонун иштеп жаткан механизмдерине бирдей жетүүсүн камсыз кылуунун зарылдыгына басым жасады.