Бишкекте ШКУнун уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору түзүлөт. Ал эмне иш алып барат?Кыргызстандын 10 сүт заводу РФга экспортко уруксат алды: веткызмат башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгыАнтониу Гутерриш БУУну жана дүйнөлүк финансылык системаны реформалоого чакырдыНарын облусунда өнөр жай паркын түзүү пландалуудаСадыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоону жактады — ал эмнелерди сунуштадыМирзиёев ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүүнү тездетүүгө чакырды
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде электрондук соода боюнча макулдашууга кол коюлду
07.08.2026 | 14:26

Бүгүн, 7-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында бир катар маанилүү документтер кабыл алынды. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинети билдирди.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган негизги документтер төмөнкүлөр:
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;
- Биримдикке мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
- ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин башка мүчө мамлекеттердин биржаларындагы соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;
- Чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча 2025-жылга карата жылдык баяндама жөнүндө тескеме;
- Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин жөнгө салуучулук таасирин баалоо жана 2024–2025-жылдардагы иш жүзүндөгү таасирин баалоо отчёту жөнүндө тескеме;
- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө тескеме.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 6-7-август күндөрү өтүүдө. Ага ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышууда.
Теги: ЕАЭБ, Чолпон-Ата